Кумтөр иши боюнча жети адам күнөөлүү деп табылып, Курманбек Бакиев 10 жылга соттолду

Качкын президент Курманбек Бакиев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан соттолду. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул жылдын 1-мартында чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда SUPER.KG порталына ырастады.

Маалыматка ылайык, Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) 2-бөлүмү (Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол жосун) боюнча күнөөлүү деп табылган.

"Буга чейин башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу, мурдагы чечимдерге кошуп жалпы 30 жылга соттолду", - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин басма сөз кызматы Кумтөр иши боюнча жалпы жети адам күнөөлүү деп табылганын кошумчалады.

Алар:

Курманбек Бакиев 10 жылга,

Максим Бакиев 13 жылга,

Алексей Елисеев 12 жылга,

Эмирлан Торомырзаев 12 жылга,

Капар Курманалиев 10 жылга,

Садриддин Жиенбеков 10 жылга,

Елена Белковская 9 жылга эркинен ажыратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rustambayastanaibiike
2023-06-10 17:30:00
Озу жок соттогондон эмне пайдасы бар
0
Таксист бала
2023-06-11 04:21:00
"А почему офис стеклянный?". Даниил Урицкий, генеральный директор БНБК: Это отражается золото белорусский полей. А вот это зеленое – колышутся нивы. Мне говорят: а чего офис стеклянный? Я говорю: так Александр Григорьевич потребовал, чтобы бизнес был прозрачным. Поэтому офис стеклянный. Александр Лукашенко: Очень разумно...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан