АКШдан почта аркылуу "гашиш майы" деп аталган баңгизатын жеткирип келген туруктуу каналды иштетүүчү трансулуттук баңги топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси жана 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө, 11-майда Бишкек шаарында баңгизатын алып жаткан жеринен 1992-жылы туулган И.Р. аттуу жаран кармалган.
"Учурдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, баңги каражаттары АКШдан азык-түлүк катары келип турган. Жалпы салмагы 970 граммдык "гашиш майынын" бир граммы 100 доллардан сатылат. Бул "гашиш майы" баңги каражаттары электрондук тамекилерге куюга даярдалган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракеттери жүрүп жатканы кошумчаланды.