11-июнга карата аба ырайы

11-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,

Нарын дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.

Бишкекте түнкүсүн +19…+21, күндүз +31…+33 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан