Анкарадагы Машина жана Химия индустриясына тиешелүү Ракета жана жарылуучу заттарды чыгарган заводдо жарылуу болуп, беш адам каза болду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жарылуу Анкаранын Элмадаг аймагында бүгүн, саат 9дарда болгон. Алгач жарылгыч зат чыгарган заводдо өрт чыгып, андан соң динамит даярдоо бөлүмүндө жарылуу пайда болгон.
Түркиянын улуттук коргонуу министрлигинен билдиришкендей, жарылуудан беш жумушчу каза тапкан.
Учурда кырсыкка байланышуу соттук жана административдик иликтөө жүрүп жатат.