Астана – Бишкек – Астана үзгүлтүксүз аба каттамы жанданды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-июнда "Манас" аэропортунда каттамдын биринчи учагы суу аркасы менен салтанаттуу түрдө тосуп алынды.
"Астана – Бишкек – Астана багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды Казакстандын FlyArystan лоукостери ишке ашырат. FlyArystan жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү каттайт. Учуу убактысы 1 саат 45 мүнөт.
Авиакомпаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, жайкы мезгилде Бишкектен Астанага билеттердин баасы 75 доллардан башталып, борттогу орун жана 5 килограмм 1 даана кол жүк (өлчөмдөрү 56*23*36см ашпаган) кирет", - деп айтылат маалыматта.