Чүйдө көлмөгө эс алууга барган эки жаран сууга чөгүп кетти

Чүйдүн Орловка шаарында көлмөгө эс алууга барган эки жаран сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, 9-июнда кечке маал эс алууга барган 1991-жылы туулган 2 жаран көлмөгө чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Кечээ, 10-июнь күнү саат 10:50дө ӨКМ суучул-куткаруучулары Ж. уулу А. аттуу жарандын жансыз денесин суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

"Бүгүн сууга чөккөн экинчи К.А. аттуу жаранды издөө иштери жүрүүдө. Издөө иштерине №5 ӨКБдан 3 суучул, 2 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана чөккөн жарандын туугандары тартылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан