13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүчү Супер концертте жылдын мыктылары жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында «Жылдын супери» наамына күрөш катуу жүрүп жаткан чакта сулуулар да четте турушкан жок.
"Даярдыгыңар кандай?" деп сулууларга суроо салганбызда баары бир ооздон
"100 пайыз даярбыз. Учурда баарыбыз чогулуп дефиле боюнча алган сабагыбызды кайталоодобуз. Бийчи Бакыт Байсариев бийибиздин акыркы вариантын көрүп, мыкты баа берип кетти. Буюрса, концертте чыгыш бийи менен көрүүчүлөрдү арбайбыз" деп билдиришти бүгүн, 11-декабрда.