12-июнда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,
Бишкекте түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.