Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, 8-июнь күнү Абай облусунда 60 миң гектар жерде токой өртү чыккан. Анда каза болгондордун саны 14кө жеткендиги маалым болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-июнь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан