Лионель Мессини Кытайдын аэропортунан кармашты

Атактуу футболчу Лионель Месси Пекинге келүүдө кыйынчылыктарга кабылды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Месси паспортундагы көйгөйлөрдөн улам Кытайдагы аэропортто бир нече саат отурган. Анын жанында Аргентина эмес, испан паспорту болгон. Жыйынтыгында териштирүүлөрдөн кийин 35 жаштагы футболчуга тездетилген виза берилди.

Белгилей кетсек, Аргентина курама командасы учурда Пекинде. Дүйнө чемпиондору Австралияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Жолугушуу 15-июнга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан