Дзюдо боюнча Азия кубогунда улуттук курама команда 5 медаль жеңди

Бишкекте 10-11-июнда дзюдо боюнча өткөн Азия кубогунда улуттук курама команда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июнда “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда дзюдо боюнча "Эр Жанек" ачык Азия Кубогунун экинчи күнү жыйынтыкталды.
Анда кыздар арасында 70, 78, +78 жана балдар арасында 81, 90, 100, +100 салмак даражаларында беттештер өттү.
Жыйынтыгында Улуттук курама команда жалпы 5 медаль жеңди. Анын ичинен: 1 алтын, 1 күмүш, 3 коло.
Белгилей кетсек, мелдештин биринчи күнүндө эркектер арасында 60, 66 жана 73 килограмм салмак даражада, ал эми кыздар арасында 48, 52, 57 жана 63 килограмм салмак ченинде беттештер өткөн. Улуттук курама команда 4 алтын, 2 коло медалга ээ болгон. Эки күндүн жыйынтыгы менен Кыргызстан жалпы 11 медалга ээ болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан