"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо Honda CR-V унаасынын айдоочусу 11 жаштагы баланы сүзүп алып, ал каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 11-июнь күнү саат 18:30 чамасында болгон. Анда Honda CR-V унаасынын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан 2012-жылы туулган Ж.Ж.К. аттуу баланы сүзүп алган. Натыйжада бала алган жаракатынан улам кырсык болгон жерден каза болгон.
Унаанын айдоочусу тергөө кызматына өткөрүлүп, унаасы айып короо жайына токтотулду.