Мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борбору Сеулга Бишкек шаарынан түз уча алышат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июнда "Манас" эл аралык аэропортуна Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учагы келип конду.
"Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат. Каттамдар жумасына бир жолу аткарылат", - деп айтылат билдирүүдө.