Бишкек шаарынын Октябрь ройондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-июнунда милицияга А.Э. аттуу жаран кайрылган. Анда саат 22:20 чамасында Ботаникалык бакчада Н.А. аттуу уулун бычактап өлтүргөн белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчүн жазган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Шектүү катары 2007-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды", - деп билдирди мекемеден.
Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.