Кербен шаарындагы аэропорт качан ишке берилери айтылды

Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы аэропорт август айында ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Азыр иш жүрүп жатат. 36 миллион сом бөлүнгөн. Стандартка туура келбегени үчүн учуп-конуучу тилке узартылууда. 1-1,5 айга жетпей объект бүтөт. Августка чейин бүтүрөбүз", - деди Досалиев.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров жыл башында ички каттамдар жанданарын айткан. Ал "Каракол" аэропорту быйыл июнда ишке берилери менен "Нарын", "Казарман", "Кербен", "Талас" аэропорттору оңдоодон өтөрүн билдирген болчу.
Жогорку Кеңеш 12.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан