Техас булуңунун жээгинде миңдеген балыктар кырылууда (фото)

АКШдагы Техас булуңунун жээгинде миңдеген балыктар кырылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Техас штатынын Бразориа жана Кинтана округдарынын өкүлдөрү жума күндөн бери он миңдеген балыктар суунун жээгине чыгып калып жатканын, дагы миңдеген балыктардын чыгып калышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Ошондой эле бийлик өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу жарандарга суунун жээгине келбөөнү эскертип жатышат. Учурда жээкти тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми адистер мындай абал абанын температурасынын өтө жогорулашынан улам суудагы кычкылтектин деңгээли тездик менен төмөндөгөнүн, мунун кесепети балыктардын массалык өлүмүнө алып келгенин айтышууда.

Эске салсак, Бириккен Улуттар Уюму 2019-жылы жарыялаган докладда океан сууларынын температурасынын жогорулашы суу жээктеринде кычкылтектин азайышына алып келерин жана мындай абал балык популяциясына коркунуч туудуруп жатканын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-12 16:41:00
Балыктар жаман болуптурго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан