Амазонкага кыйраган учактын ичиндеги төрт бир тууган 40 күндөн кийин тирүү табылды (фото)

Колумбияда 1-майда кыйраган учактын ичиндеги төрт бир тууган 40 күндөн кийин Амазонка токоюнан тирүү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 1-май күнү Сан-Хосе дель Гуавиаре тарапка учкан учакта 3 киши жана 4 бала болгон. Учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй Амазонка токоюна кулап түшкөн. Кырсык болгон жерден учкуч менен 2 чоң адамдын жансыз денеси табылган, бирок 4 өспүрүмдүн сөөгү табылган эмес.

7-майда Колумбиянын президенти Густаво Петро өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дайынсыз жоголгон бир туугандар изделип жатканын жана алардын тирүү экени боюнча далилдер бар экенин жарыялаган.

Узак убакыт издөө иштеринин натыйжасында, кырсыктан 40 күн өткөндөн кийин 13 жаштагы Лесли, 9 жаштагы Солейни, 4 жаштагы Тянь Нориэл жана 11 айлык Кристин Амазонка токоюнан тирүү табылган. Алардын тирүү калышына 13 жаштагы Леслинин кандай жемиштер уулуу эмес экенин билгени жана маниок өсүмдүгүнөн нан жасап, 40 күн бою бир туугандарына кам көргөнү себеп болгон.

Учурда балдар ооруканада текшерүүдөн өтүп жатканы жана абалдары жакшы экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан