Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын концерти башталды. Көрүүчүлөр залдын дээрлик 100 пайызын ээлеп, классикалык музыканын сүйүүчүлөрү экени байкалды. Концертти төкмө акындар ачып берди. Аалы Туткучев концерттин өкмөт башчы менен ЖКнын төрагасы келет дегенинен улам 20 мүнөт кечигип башталганын кыстарып өттү.
Ыр саптарында Саламат Садыкованы булбулга салыштырып, мындай салтанаттар көп болсо митингдер аз болорун кошумчалады. Ал эми Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана "World master" эл аралык сыйлыгынын ээси Cаламат Садыкова концертин элди ынтымакка чакырган ыры менен баштады.