УКМК төрагасы өзүнүн аты-жөнүн билбеген Николай Казейкинге паспорт тапшырды (фото)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Николай Казейкинге Кыргызстандын ID-картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 23-майында Facebook социалдык тармагында УКМКнын төрагасынын атына Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран Кыргызстандын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыялаган.

Николай Дядкин өзүнүн кайрылуусунда ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы атын билбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген.

"Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүп, жыйынтыгында келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде улуту орус, Бишкек шаарында 1991-жылы туулган, Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталды" - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Белгиленгендей, бүгүн, 12-июнда Камчыбек Ташиев жеке өзү Николай Николаевич Казейкинге Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан