Чүйдө ишкерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирет.

Кабарлангандай, 10-июнь күнү Романовка айылында пескоблок чыгарган ишкананын аймагында зомбулуктун белгилери бар кожоюн - 1982-жылы туулган У.У.нун сөөгү табылгандыгы аныкталган.

Аталган факты Сокулук райондук милициясыда каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышты жасоого шектүү катары 1992-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан