Сокулукта кафеден өрт чыгып, бир адам жабыркады (фото)

Бүгүн, 12-июнда Чүйдүн Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, өрт кырсыгы катталган аймакка өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 13:30да толук өчүрүлгөн.

"Кырсыктын кесепетинен кафенин 70 чарчы метр аянты, жанаша жайгашкан автомектептин 40 чарчы метри күйүп, 1994-жылы туулган А.Э. аттуу жаран жеңил жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан