Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору кызматына талапкерлердин документин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, талапкерлер “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы 3 жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттар боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш стажы 5 жылдан кем эмес болушу керек.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин өнүктүрүү программасы;
- резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- кадрларды эсепке алуу баракчасы;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2023-жылдын 20-июнуна чейин тапшырылууга тийиш.
Байланыш телефону: +996 312 662683.