Ошто аял кишинин өлүмүнө тиешеси бар делген жаран колго түшүрүлдү

Ушул жылдын 10-июнь күнү Кара-Суу районунун Алим-Тѳбѳ айылында 50-55 чамасындагы аял кишинин өлүмүнө тиешеси бар делген жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык ал маркумду унаа менен сүзүп кеткендиги аныкталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун 30 жаштагы тургуну А уулу Р. аттуу жаран кармалды. Учурда ал Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-берененин (коркунучта калтыруу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек ушул жылдын 10-июнь күнү саат 08:00 чамасында милицияга райондун аймагында талаа аркылуу агып өткөн арыктын четинде жашы 50-55 чамасындагы азият улутундагы аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу жарандар кабар беришкен.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден жансыз дененин өздүгүн аныктоо максатында ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп маркум Кара-Суу районунун тургуну 66 жаштагы М.М. экендигин тактаган.

Дене түзүлүшүнө сырттан кароо жүргүзүу учурунда денесинде жаракаттары бар экендиги байкалган.

Жансыз дененин эмнеден каза болгондугун жана денесиндеги жаракаттардын оордук деңгээлин аныктоо максатында жана автоунаага карата тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле кармалган шектүүгө таандык болгон Subaru forester үлгүсүндөгү унаа айып короого киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан