Өлкөдө акыркы жумада коронавирустун 3 жаңы учуру катталды

Өлкөдө соңку аптада СOVID-19 инфекциясынын 3 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Белгиленгендей, тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

"Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1 пайыздан аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, эпидемиология башталгандан бери өлкөдө COVID-19 инфекциясынын 206 миң 897 учуру катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан