Улуттук филармониядагы Саламат Садыкованын концертинде ырчы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 11-декабрда  Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын концерти өтүүдө. Ырчынын жашоосу  тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Тасмада ырчынын чет өлкөдө жана Кыргызстанда алган сыйлыктары, жашоодо жетишкендиктери үй-бүлөсү жөнүндө айтылган.  Концертте “Камбаркан” фольклордук этнографиялык оркестрдин коштоосунда Дөөлөт Сыдыков “Манас” айтты. Мындан сырткары ырчынын аткаруусунда “Ойлодуң беле”, “Сезимди кантип алдаймын” жана “Жолугалы Ак-Бууранын боюнан” аттуу чыгармалары жаңырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbek_posol
2013-12-11 19:39:29
Сахнаны "Туш кийиз" менен жасаган го, соонун! Баткенде азыркы кезде уйлордо мындай туш кийиздер аз калды.
0
admin_superstan
2013-12-12 11:23:59
saru, сунуштар жана сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
ela80dan73
2013-12-12 12:51:26
Качан болсо эле эжебиз мактанып басып журот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан