"Мойнуна бычак такап...". Сузакта ири суммадагы акча каражатын карактаган кылмыштуу топ кармалды

Сузакта ири суммадагы акча каражатын карактаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Белгиленгендей, алар Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун бычак менен коркутуп, 2 миллион 700 миң сомун карактап кетишкен.

Окуя 31-майда болжол менен саат 21:00дө болгон. Ири суммада акча карактаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаага отуруп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары 5 жаран Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан кармалышкан.

Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары 1996-жылы туулган А.Н., 1997-жылы туулган М.А., 1999-жылы туулган С.А., 2001-жылы туулган К.А. жана Ош облусунун Ноокат районунун 2001-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну кармалган. Шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан