Эрулан Кокулов өлкөгө электрондук тамекилерди алып кирүүгө тыюу салууга чакырды

Депутат Эрулан Кокулов өлкөгө электрондук тамеки ташып келүүгө жана аны сатууга тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

"Электрондук тамекиге тыюу салалычы. Бир жолун табалычы. Эч нерсеге алыбыз келбесе, анда бул жакта отурбай эле коёлу. Бул улуттун ден соолугун өлтүрүп жаткан нерсе. Бир электрондук тамекиге ушунча адам чогулуп алып, бөгөт коё албай жатабыз", - деди Кокулов.

Ошондой эле ал бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги мыйзам долбоорун даярдап алып келсе, өзү колдоп, аягына чыгарарын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 12.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан