Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

14-июнда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, эртең саат 09.00дөн 20.00гө чейин Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, 44 Га конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат. Мындай чектөө Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу киргизилгени айтылды.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Ошондой эле мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан