Бишкекте 18 жаштагы айдоочу Лексустун рулуна ээ боло албай оодарылып кетти (видео)

Бишкекте 13-июнга караган түнү Масалиев көчөсүндө бара жаткан унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя саат 00:40 чамасында болгон. Анда 2005-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну А уулу А. Лексус-RX350 автоунаасы менен Масалиев көчөсүндө батыш тарапка бара жатып, “Ынтымак-2” паркынын тушунан рулга ээ боло албай жол боюндагы бордюрду сүзүп, оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу жаракат алып, №4 ооруканага жаткырылды.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ынтымак паркында унаа оодарылып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан