Таласта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жер сатууга шектелип кармалды

Талас районунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июнда Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М. жана Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар материалдык пайда алуу максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берип, жеке менчикке өткөрүп жиберишкени аныкталган. Адистердин айтымында, бул аймактагы 0,15 гектар жердин баасы 1 миллион 300 миң сомго бааланат", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө тарабынан келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан