Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон 37 чек арачынын үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 42 аскер кызматкеринин ичинен 37сине компенсация төлөнүп берилди. Ал эми 5 аскер кызматкеринин жакындары документтерин даярдап жаткандыгына байланыштуу эми берилет. Мындан тышкары жаракат алган аскер кызматкерлерине да берилди. Алардын ичинен он аскер кызматкери жеңил жаракат алгандыгына байланыштуу кенемте төлөнгөн эмес.
Жыйында президент Садыр Жапаров жеңил жаракат алгандарга да тиешелүү жардамдар көрсөтүлүш керектигин айтты.
"Мыйзамда, бюджетте каралбаса биз башка жактардан караштырып берели. Анткени булар жер үчүн өлүм менен жашоонун ортосунда турушту. Биз алардан эч нерсени аябашыбыз керек. Алар эл-жерге кандай мамиле жасаса, биз аларга он эсе жакшы мамиле кылышыбыз зарыл", - деди мамлекет башчы.
Мындан тышкары Уларбек Шаршеев каргашалуу окуядан шейит кеткен аскер кызматкерлеринин жакындарынын баарына үй берилдигин айтып, жаракат алагандарга бүгүнкү күнгө чейин жеңилдетүүлөр болуп жаткандыгын кошумчалады.