Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана "World master" эл аралык сыйлыгынын ээси Cаламат Садыкованын жеке концерти өтүүдө. Анда ырчылар Салима Балтаева, Гүлмира Жолдошева, Кубанычбек Ажибаев жана Салтанат Ниязалиева обон созушту. Журналист Сонунбүбү Кадырова арноо ырын көркөм окуду. Анда Саламат Садыкова Жер жүзүндө жашоо пайда болгондо Жараткан ар бир адамга үн бергенин, бара-бара адамдардын үнү жоголуп калганы айтылган. Ал эми Саламат Садыкова ошол үндү адамзатка кайра жеткирүү үчүн жаралганы жазылган.