Кыргызстан-Ооганстан курамаларынын футбол боюнча беттешинде финал ышкырыгы жаңыра электе оюн талаасынан чыгып кеткен ооган футболчуларына карата Борбор Азия Футбол Ассоциациясы чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жарыялады.
Анда Кыргызстан курамасы 3:0 эсебинде жеңүүчү деп табылып, беттеш жараксыз деп эсептелди. Ооганстандын футболчулары регламентти бузганына карабастан турнирдин жакшы имиджин сактап калуу үчүн кийинки оюндарга катышууга уруксат алышты.
Ошондой эле Ооганстан курама командасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-туруму CAFA дисциплинардык комитети тарабынан каралары айтылды.
Эске салсак, “CAFA Nations Cup- 2023” турниринин “В” тайпасынын оюндары Бишкекте өтүп жатат. 10-июнда Кыргызстан –Ооганстан курамалары оюн көрсөткөн. Бүгүн, Ооганстан менен Иран оюн талаасына чыгышса, 16-июнда Кыргызстан Иран менен ойномокчу.