Эртең, 14-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.
Борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36 градус болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.