Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында 6 миң даана дарак көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
"Көчөттөр Сары-Булак аймагындагы 1,8 гектар жерге отургузулду" деп айтылды билдирүүдө.
Маалымдалгандай, ишембиликке Жогорку Кеңештин депутаттары, Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Балыкчы шаардык мекеме жетекчилери, орто мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.