"Азия Молл" соода борборунда бомба тууралуу кабар түшүп, эл эвакуацияланды

Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда бомба бар деген маалымат түштү. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы SUPER.KG порталына билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 13-июнда саат 14:25 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына “Азия Молл” соода борборунда болжолдуу түрдө бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишти.

"Учурда соода борборунун жанаша жайгашкан аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Соода борборунун кызматкерлери жана жарандар эвакуацияланды. Бул маалыматты тактоо боюнча керектүү иштер жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан