"Тазалык" ишканасы таштанды урналарды жасоодо

"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды урналарды жасоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирет.
Белгилүү болгондой, урналар Манас проспектиси, Жусуп Абдрахманов көчөсүнө, андан ары башка көчөлөргө, сейил бактарга орнотулат.
"Жаңы урналар мурункуларына караганда эки эсе чоң жана жеңил. Жалпысынан 500 даана ушундай урналарды жасоо пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда борбор калаанын мэриясы таштандыларды таштанды челектерге жана урналарга таштоого, муниципалдык менчикке зыян келтирбөөгө жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан