Өндүрүштүк иш менен таанышуунун алкагында Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов өнөр жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, аким эки ишканага, полиграфия кызматын көрсөткөн «Алтын-Тамга» ЖЧКсына жана алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу менен алектенген «Бишкек Алко Пром» ишканасына барды.
Кыдыруунун жүрүшүндө өндүрүш процесси көрсөтүлүп, мындан аркы өнүгүү пландары менен да бөлүштү.
Мындан тышкары, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташуу жана ишканалардын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.