Комузун колго алган кыргыз кызы Саламат Садыкованын концертинде жагымдуу тынчтык орноду

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда бүгүн, 11-декабрда  Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын концерти өтүүдө. Азыркы учур кыргыздын нукура колоритин сактап, чыгармачылыктын ачуусун да, таттуусун да көрүп, дүйнө элинин мактоосуна татыктуу болгон ырчы көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап жаткан көз ирмемдердин бири. Комуздун коштоосунда ырлар ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк тапканы шексиз.  Элибиздин сыймыгы болгон эжекебиз комузда кол ойнотуп, казак тилинде аткарган “Костаскым келмейди” жана кыргызча “Кыздын ыры” аттуу чыгармаларын кунт коюп уккандагы мемиреген тынчтык - ырларды эл жүрөгүнө жакын кабыл алганын далилдеп турду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bosmos7
2013-12-11 20:56:31
Бар болунз!
0
rnurzida
2013-12-12 07:08:37
Дааа голосу аябай сонун эжекенин. Ийгилик
0
admin_superstan
2013-12-12 12:51:49
ela80dan73, кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан