АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Кыргызстанга келишти

АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ыктыярчылардын 29-тобу Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын орто мектептериндеги англис тилин окутуу программасына колдоо көрсөтүшөт.

Алгач ыктыярчылар 11 жума бою кызматка чейинки тренингге катышат. Анда кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет-тили катары окутуу боюнча сабактарды, жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте сабак окутууну жана маданий аралык компетенттүүлүктү жогорулатуу боюнча сабактардан өтүшөт.

"Ыктыярчылар Кыргыз өкмөттүн чакыруусунун жана АКШ менен 1992-жылы кол коюлган келишимдин негизинде жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте иштеп, жаңы окутуу ыкмалары жана көндүмдөрү аркылуу алардын англис тилин окутуу потенциалын жогорулатууга колдоо көрсөтөт. Ыктыярчылар өзүлөрүнүн мектептерине жана жамаатына англис тилин окутуу боюнча ресурстук борборлорду ачууга же кеңейтүүгө, окутуу программаларын жана инновациялык окуу материалдарын иштеп чыгууга жардам беришет"- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rustambayastanaibiike
2023-06-13 19:05:00
Жетим баладай Баткен калып кеттиби? Же унутуп калдынарбы жазганды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан