"Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин төрагасы К.А. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат билдирет.
Маалымдалгандай, алар 12-июнда кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Кармалгандар текшерүүлөрдү уюштурабыз деп коркутуп, системалуу түрдө опузалоо менен алектенишкен. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тендерин утуп алган ишкерден 700 миң сом талап кылганы аныкталган. Ошол эле учурда кармалгандар опузаланган акчанын 70 миң сомун банк аркылуу алышкан.
Белгилей кетсек, кармалган К.А. ушул жылдын февраль айында ушул сыяктуу кылмышты жасагандыгы үчүн 20 000 сом алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда, соттун чечими менен ал үй камагына бошотулуп, 2023-жылдын 12-апрелинде 20 миң сом айып салуу өкүмү чыккан.
Бул жагдай Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын нааразычылыгын жаратып, алар К.А. мыйзамдын күчөтүлгөн тартибинде жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен президентке, Башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасына ачык кайрылышкан.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо иштерин улантууда.