Баткенде "Агро Форум-2023" иш-чарасы өттү

Бүгүн, 13-июнда Баткен облусундагы айыл чарба багытын өнүктүрүүгө, айыл чарбадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган “Баткен Агро Форум-2023” иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбасы, балык чарбасы, кайра иштетүү боюнча спикерлер өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

"Форум-ишкерлер үчүн айыл-чарба тармагындагы акыркы жаңылыктар, бул багыттагы жаңы технологиялар боюнча пайдалуу маалымат алмашуу аянтчасы болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чара айыл чарба продукцияларынын жарманкеси менен коштолду.

Форум Баткен облусунун тургундары жана ишкерлери үчүн JIA Бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан