"Таремиден хет-трик". Бишкектеги стадиондо Иран Ооганстанды 6:1 эсебинде утуп алды

Кечээ, 13-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "CAFA Nations Cup 2023" турниринин алкагында Иран менен Ооганстандын курама командаларынын беттеши өттү.

Иран менен Ооганстандын командаларынын ортосундагы экинчи беттеш 6:1 эсебинде аяктады. Алгачкы голду 20-мүнөттө ирандык чабуулчу Сердар Азмун киргизди. Бир мүнөттөн кийин экинчи голду ирандык Мехди Тареми киргизди. 28-мүнөттө ал кайрадан пенальтиден дубль жаратты. Биринчи бөлүк бүтө электе эле төртүнчү гол жаралды. Голдун автору Ализар Жаханбахш болду. 52-мүнөттө Мехди Тареми хет-трик жасап, эсепти 5:0гө айлантты. Оогандар киргизген жалгыз гол 57-мүнөттө болду. Анда айып аянтчасынан Нур Фаршад кооз гол жаратты. Иран курама командасынын алтынчы голун 67-мүнөттө Аббас Асади киргизди.

Муну менен Иран курамасы тайпада биринчи орунга чыкты. Бул улуттук курама команда 16-июнда Кыргызстанга каршы ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-15 20:16:00
Футбол для меня очень хорошо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан