Кыргызстанда төрт чет элдик жаран көпүрөнүн астында уктап жатканда аларды ылай суу бир нече метрге агызып кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеонун авторунун айтымында, ысыктан качкан чет элдиктер көпүрөнүн астына кирип, уктап калышкан. Алар уктап жаткан маалда сел жүрүп, чет элдиктерди бир нече метрге агызып кеткен.
Бул окуя качан жана кайсы жерде болгону так белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча бул окуя 12-июнда Казарманда болгон.