Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз өтүп бара жаткан Бангладештин 4 жараны кармалды

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ушул жылдын 3-июнунда Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын "Кум" чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Өзбекстан тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан тышкары) Бангладештин 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошондой эле, Өзбекстандан Кыргызстанга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган. Ал аталган чет элдик жарандарды чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан