Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов "French Elite Championships 2023" чемпионатында биринчиликти багындырды. Бул тууралуу аталган чемпионаттын расмий сайты жарыялады.
Маалыматка караганда, Петрашов брасс түрү боюнча 100 метр аралыкты 1:00.33 убакта сүзүп өтүү менен алтын байгеге ээ болгон.
Эске салсак, учурда Франциянын Ренн шаарында "French Elite Championships 2023" чемпионаты өтүп жатат. Иш-чара 10-июнда башталып, 16-июнда аяктайт.