Бүгүн, 14-июнда Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда куткаруучулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.
Майрамдык иш-чаранын башында өлкө башчы Садыр Жапаров өзгөчө кырдаал кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
"Өзгөчө кырдаал кызматкерлери сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бүгүнкү күндө сиздер өз кызматыңыздарды мыкты деңгээлде алып барып жатасыздар. Сиздердин ишиңиздер ары оор, ары түйшүктүү. Өзүңүздөрдүн мыкты экениңиздерди Түркия мамлекетинде болгон зилзалада көрсөттүңүздөр", - деди Жапаров.
Мындан тышкары өлкө башчы өз сөзүндө Кыргызстандын экологиясына кайдыгер карабай, көздүн карегиндей сактоону суранды.
"Өзгөчө кырдаал кызматкерлери бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалоодо. Алардын эмгегин сыйлап, Ысык-Көлдүн тегерек четин булгабаңыздар. Балык уулаган убакта торлорду суунун ичине таштап коюп жатасыздар. Бир аз убакытка балыктарды тынч коюңуздар. 4-5 жылга балык жебей койсоңуздар эч нерсе болбойт", - деди өлкө башчы.