Саламат Садыкова чыгармачыл үй-бүлөнүн кадырлуу энеси экенин далилдеди

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 11-декабрда  Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын концерти өтүүдө. 

"Алма сабагынан алыс түшпөйт" деген сөз бүгүнкү концерттин күнөөкөрү Саламат Садыкованын үй-бүлөсүнө тиешелүү өңдөнөт. Дегеним, концертте ырчынын небереси Артур кызы Сайкал англис тилинде обон созсо, күйөө баласы Кубаныч Сатаев “Энекем” аттуу ырын “бул жерде отурган үч энеме арнадым" деди. 

Кызы Кундуз Авашева менен Кубаныч Сатаевдин аткаруусундагы дуэт залды шаңга бөлөдү. 

Ал эми Чубак Сатаевдин элесине  ырчылар арасындагы кароо сынакта биринчи орунду алган Куандык Жаасын уулу "Ашыгым" аттуу ырын тартуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан