"Аль-Насрдын" чабуулчусу Криштиану Роналду гол киргизгенден кийин "Siu!" деп кыйкырып майрамдоосун түшүндүрүп берди.
FourFourTwo басылмасына берген маегинде ал бул сөздү башка спортчулар дагы майрамдоодо кыйкырганына кубанганын билдирген.
"Бул сөздү кыйкырып майрамдоом глобалдык феноменге айланды окшойт. Башка оюнчулар, спорттун башка түрлөрү боюнча спортчулар жана жаш балдар да кайталап жатканы мени кубандырат. "Siu" - бул жөнөкөй, бирок күчтүү билдирүү менен "Ооба!" дегенди билдирет", - деген Роналду.
Роналду өткөн сезондо Сауд Арабиясында 16 беттешке чыгып, 14 гол киргизип, 2 жолу голдук пас чыгарып берген. Анын командасы сезонду "Аль-Иттихаддан" беш упай артта калып, турнирдик таблицада экинчи орун менен жыйынтыктады.