Жалал-Абадда прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды (фото)

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте бүгүн, 14-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын имаратында прокуратуранын улук тергөөчүсү А.А.К. 100 000 сом пара талап кылып, алып жаткан жеринен кармалган.

"А.А.К. өзү тергеп жаткан О.Э. аттуу жарандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылган", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан